Данияр Эрматов - Токто жаным

Музыка: Эрматов Д.
Слова: Эрматов Д.

Айтылбай дагы сөзүм калды, айтайын,
Жашырып сенден сырды кантип сактаймын?
Тоготпой кете бердиң, артка кылчайбай,
Сенден мен ажырасам кантип жашаймын?

Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.

Кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын,
Түшүндүм болгон сөздүн баары жалганын.
Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум,
Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашаймын?
Кубанычка бөлөп сенин көөнүң алайын,
Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын.
Ишенгенсиң, дагы ишен менин сүйүүмө,
Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын.

Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.

Сенсиз өтөт жашоом кызыксыз,
Мээримиң төкчү жүрөк жылытып,
Жаз кетип, күз да келди, кайдасың?..

Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм,
Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм.
Суранам дагы бир келчи кайра мага,
Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана.

Наверх