Ильяз Андаш - Коштошуу

Музыка: Эсенгулов Н.
Слова: Эсенгулов Н.

Акыркы жолу мен сага барам,
Акыркы жолу сүйөм деп айтам.
Канчалык сени сүйүп турсам да,
Кайрылып кайра, бара албайм сага.
Кайрылып кайра, бара албайм сага.

Акыркы жолу гүлүмдү сунам,
Акыркы жолу саамайың сылайм.
Бактылуу бол деп колуң булгалап,
Каларсың жаным менден алыстап.
Каларсың жаным менден алыстап.

Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен

Ыйлаба жаным өзүңдү кыйнап,
Ыйлаба жаным жүрөгүм сыздайт.
Жалгыз сүрөтүң калат сакталып,
Көргөндө аны жүрөмүн ыйлап.
Көргөндө аны жүрөмүн ыйлап.

Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен

Наверх