Данияр Эрматов - Аярым

Музыка: Эрматов Д.
Слова: Эрматов Д.

Алаканга салып жүрөм,
Аярым мен сени сүйөм.
Ашыктык отуна күйөм,
Көтөрөм кыялыңды,
Катып жүргөн сырларыңды,
Катпа менден жыргалымды.
Билем жаным сен эркесиң,
Бирөө барын сен сезерсиң,
Ачтың сүйүү терезесин.

Бир болууну самаймын,
Өзүңсүң аярым
Жанымда болчу дайым
Сүйүүнүн жалыны,
Сезимдин жарыгы,
Жанымдын жарымы сен.

Сөзүң таттуу балдай сенин,
Сүйлөткүм бир келет менин.
Сөзү жок да сезет сезим
Карегиңден мен айланып,
Өзүңө калдым мен байланып
Аяганың байкалып.
Жүрөктөрдөн сүйүү чачып,
Өмүр бою дидарлашып,
Өтөлүчү кол кармашып

Бир болууну самаймын,
Өзүңсүң аярым
Жанымда болчу дайым
Сүйүүнүн жалыны,
Сезимдин жарыгы,
Жанымдын жарымы сен.

Бир болууну самаймын,
Өзүңсүң аярым
Жанымда болчу дайым
Сүйүүнүн жалыны,
Сезимдин жарыгы,
Жанымдын жарымы сен.

Сүйүүнүн жалыны,
Сезимдин жарыгы,
Жанымдын жарымы сен.

Наверх