Нурмат Садыров - Сүйгөн жүрөк

Музыка: Жоошевдики Э.
Слова: Качкынбаева К.,

Тутантып жалынды,
Тургузуп багымды.
Туйганмын мен сенден,
Турмушта барымды.

Үмүтүм күбүлүп,
Сүйүүдөн түңүлүп.
Үлбүрөп турду эле,
Кетчүдөй үзүлүп.

Сүйгөн жүрөк сени күтөт,
Сезимимде жашап келет.
Жүрөктүн тагы,
Жүдөттү дагы.
Жабыркап турду эле,
Жанбай шамы.

Таштап кадам басып араң,
Тартып жүгүн басып барам.
Азгырган жоругу арзуунун жолубу?
Айтпаган сүйөм деп ашыктык жообубу?

Сүйгөн жүрөк сени күтөт,
Сезимимде жашап келет.
Жүрөктүн тагы,
Жүдөттү дагы.
Жабыркап турду эле,
Жанбай шамы.

Сүйгөн жүрөк сени күтөт,
Сезимимде жашап келет.
Жүрөктүн тагы,
Жүдөттү дагы.
Жабыркап турду эле,
Жанбай шамы.

Наверх