Гулжигит Сатыбеков - Лейлектин кызга

Музыка: Сатыбеков Г.
Слова: Сатыбеков Г.

Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана, сен гана,
Кара көзүм, жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-вай-вай, вай-вай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе, той дебе,
Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-вай-вай, вай-вай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-вай-вай, вай-вай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай

Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-вай-вай, вай-вай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай

Наверх