Тобу Инсан - Сары Ой

Музыка: Народная
Слова: Народная

Сары-Ойдун салкын тоосунан,
Сагызган гана учат зоосунан.
Санаама гана алып издесем,
Кантейин, таба албай койдум ордунан.

Көк-Ойдун гана көпкөк тоосунан,
Көгүчкөн гана учат зоосунан.
Көңүлгө гана алып издесем,
Кантейин, көрө албай койдум ордунан.

Салкындуу гана жерге, Сары-Ойго,
Сагызган гана барып конбойбу?
Зарлантып гана мени койгончо,
Кантейин, санаалаш болсоң болбойбу?
болбойбу?

Наверх