Чокоев Курал - Жалгызым

Музыка: Сыдыков Э.
Слова: Урманбетов К.

Көп ичинен бөлүнөсүң,
Көзүмө жалгыз гана сен көрүнөсүң.
Жарык кылып жан дүйнөмдү, 
Жадырап күн нурундай сен төгүлөсүң,
Кыялымда өзүңө талпынып сезим эргиген,
Кызгалдактай жыттайын кызыл эрдиңен.

Жазым болуп жүрөгүмө бүр байлагын,
Жаштыктын тосолу бирге биз майрамын.
Суранамын, Кудайдан мен суранамын,
Өчпөсүн жүзүңдөн жаным жылмайганың.

Бакыт издеп жагылабыз,
Жалынды өчүрүп албай кокусунан.
Кош канаттай кагылабыз,
Жерге түшпөйлү,
Махабаттын туу чокусунан. 
Кыялымда өзүңө талпынып сезим эргиген,
Кызгалдактай жыттайын кызыл эрдиңен.

Жазым болуп жүрөгүмө бүр байлагын,
Жаштыктын тосолу бирге биз майрамын.
Суранамын, Кудайдан мен суранамын,
Өчпөсүн жүзүңдөн жаным жылмайганың.

Кыялымда өзүңө талпынып сезим эргиген,
Кызгалдактай жыттайын кызыл эрдиңен.

Жазым болуп жүрөгүмө бүр байлагын,
Жаштыктын тосолу бирге биз майрамын.
Суранамын, Кудайдан мен суранамын,
Өчпөсүн жүзүңдөн жаным жылмайганың.

Наверх