Добр & Назира Токонова - Жашоо бир келет

Добр & Назира Токонова
Жашоо бир келет
-= Караоке =-
Добр (16 песен)
1БийкечДобр & Руслан АбыловПеть онлайн
2Кара жоргоДобрПеть онлайн
3КыргызДобрПеть онлайн
4Алга Кыргыз!ДобрПеть онлайн
5БайланышДобр & СапарПеть онлайн
6КарындашымДобрПеть онлайн
7БешбармакДобрПеть онлайн
8БашаламанДобрПеть онлайн
9Сенсиз деле жашоом зынкДобр & Руслан НарынбаевПеть онлайн
10ПатриотДобрПеть онлайн

Подборка по интересам

Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.

Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.

Мен, мен сени сүйөмүн, 
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.

Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.

Мен, мен сени сүйөмүн, 
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Мен, мен сени сүйөмүн, 
Мен, мен сени сүйөмүн.

Мен, мен сени сүйөмүн, 
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.
Көпөлөгүм.

Наверх