ЛЮТИК - Собаки

ЛЮТИК
Собаки
-= Караоке =-
ЛЮТИК (1 песня)
1СобакиЛЮТИКПеть онлайн

Подборка по интересам

Ааламда теңдеши жок

асылым алтын апам

Жашоомо жарык берген

жалгызым жаным апам

Жан тартып дайым мага

жанымда жалгыз гана

Жароокер апакебай бул

ырым жалгыз сага

Тамчыдай сүтүн берип

талыкпай баккан апам

Алыста жүрсө дагы балам

деп шашкан апам

Бал ширин сөздөр менен

эриткен жан дүйнөмдү

Ар дайым бир өзүмө

сүйүктүү жаккан апам

Балам деп дайым

күйгөн эненин таламында

Унутпайлы бейиш төрү

эненин таманында

Бой тартып чоңойгондо

ороңдоп четке какпай

Барктайлы апаларды көзү

тирүү аманында

Агарган ар бир чачың

биз үчүн аккан жашың

Ааламды сактайт тура

энелик ыйык атың

Эр жетип мына

эми турабыз алдыңызда

Эркелеп жетеличи

апакебай баркыңызга

Түшкөрсөм түштү

оңунан

Жоруган алтын апам

түгөнгүс

Түйшүктөрдөн

коруган

Алтын апам

Үч бөлүп түн уйкусун

Уктабай мени карап

онтосом чогуу онтоп

Ооруган алтын апам

канчалык кыйналсам да

Баарына түткөн апам

кайгырып капалансам

Арылткан

жүктөн апам

Кайрылып үйгө келбей

кечигип калганымда

Санааркап жолду карап

сагынып күткөн апам

Жарык нур тийип көктөн

мээримиң чексиз төккөн

Оозанткан эне сүтүн

балалыкта эбак өткөн

Мөмөлүү дарак сымал

жемишин жазбай берген

Апакем жаркыраган жаздагы

жашыл көктөм

Көргөндө ак чачыңды

көзүмө жаш аламын

Бой жетип чоңойсом да

өзүңө мен жаш баламын

Кем кылбай эч бир

жандан чоңойткон

Апакемдин

актайм деп мен ак сүтүн

Бүт ааламга жар саламын

талыкпас эмгенине ак

Сүтүн эмгениме

көрсөтүп туура жолду

Тарбия бергенине

баш ийип таазим

Этем түбөлүк апакеме

жаратып бул жашоого

Жарык нур бергенине

бактылуу жашоо берсе

Мөмөлүү жемишинен

алысмын мен ар дайым

Кайгырып бир кейишинен

тилеймин Жараткандан

Жалынып

мен күнүгө

Берсе деп апакеме

акыреттик бейишинен

Түшкөрсөм түштү

оңунан

Жоруган алтын апам

түгөнгүс

Түйшүктөрдөн

коруган

Алтын апам

Үч бөлүп түн уйкусун

Уктабай мени карап

онтосом чогуу онтоп

Ооруган алтын апам

канчалык кыйналсам да

Баарына түткөн апам

кайгырып капалансам

Арылткан

жүктөн апам

Кайрылып үйгө келбей

кечигип калганымда

Санааркап жолду карап

сагынып күткөн апам

Түшкөрсөм түштү

оңунан

Жоруган алтын апам

түгөнгүс

Түйшүктөрдөн

коруган

Алтын апам

Үч бөлүп түн уйкусун

Уктабай мени карап

онтосом чогуу онтоп

Ооруган алтын апам

Наверх