Алмаз Шаадаев - Ананайын

Музыка: Жолдошев Д.
Слова: Жолдошев Д.

Ананайын, ананайын, 
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Кеттиң кайда, кеттиң кайда?
Күттүрбөстөн тезирээк келчи кайра. 
Мен өбөйүн бетиңден кайра-кайра.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Кара көзүм, кара көзүм, 
Кара көзүм, карегиңден карачу элем.
Асмандагы жылдыздай самачу элем.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Сен ошондо, сен ошондо,
Жашың жетип он сегизге толгондо.
Сенин тоюң башка менен болгондо, 
Кыялбастан ал тойго мен барганда,
Сен карадың көз кырыңдан. 

Кош бол, жаным, кош бол, жаным,
Мен сен менен түбөлүккө коштошомун.
Аргасыздан мен башкага баш кошомун.
Кимге барсаң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Ананайын, ананайын, 
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Наверх