Жийдеш - Жаным

Жийдеш
Жаным
-= Караоке =-
Жийдеш (4 песен)
1ӨмүрЖийдешПеть онлайн
2СенЖийдешПеть онлайн
3Ким билетЖийдешПеть онлайн
4ЖанымЖийдешПеть онлайн

Подборка по интересам

Ай десең, айга окшош,
Күн десең, күнгө окшош,
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Ак куудай, Ак мөөрдөй,
Айсулуу, айчүрөктөй,
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Суйкайган, сулуу келишкен,
Сулуусуң, кыргыз периштем.

Асмандагы айдай сулуулар,
Ай-чырайы күндөй жылуулар.
Айсулуунун баары кыргызда,
Айчүрөктөй болгон нурлуулар.

Көктөгү жылдыздардай,
Көркөмү шире-балдай.
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Кызарган кызгалдактай,
Кымызы ууз каймактай,
Кыздары сулуу келет улуу кыргыздын.
Суйкайган, сулуу келишкен,
Сулуусуң, кыргыз периштем.

Кара жорго минген сулуулар,
Каныкейдей болгон улуулар.
Ханышалар чыккан кыргыздан,
Курманжандай Датка кыйындар.

Узун, кара каштуу сулуулар,
Урпагында толгон улуулар.
Ургачыдан чыккан кыргызда,
Уркуядай болгон кыйын бар.

Наверх