Айпери Кубик кызы - Табышмак

Айпери Кубик кызы
Табышмак
-= Караоке =-
Айпери Кубик кызы (3 песен)
1КлассташтарАйпери Кубик кызыПеть онлайн
2Кыргыз сулуусуАйпери Кубик кызыПеть онлайн
3ТабышмакАйпери Кубик кызыПеть онлайн

Подборка по интересам

Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар,
Балдай таттуу сүйүү таптыңар.
Көңүл кушу бири-бирин жактырып,
Кош ак куудай канат кактыңар.
Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп,
Той өткөрүп турган чактыңар.
Келиңиздер деп сыйга чакырып, 
Конокторго эшик ачтыңар.

Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.

Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын,
Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын.
Куда болуп эки тарап достошуп,
Кубанычтар толкуп агылсын.
Куттуктайлы эки жашты чын дилден,
Коломтоңор өчпөй жагылсын.
Ак сакалдардын батасы тийип,
Алдей үнү үйдө жаңырсын.

Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.

Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.

Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.

Наверх