Аваз Акимов - Сезим

Музыка: Андашев Э.
Слова: Кекеева Ж.

Кубат алып ак сүйүүдөн жашап келемин,
Кулач жайып күтүп турат сенин элесиң.
Сагынычка, кубанычка, жипсиз байлап өзүңө арбаган,
Сезимимди жектебе, жүрөктү эзбе, жүрөктү эзбе,
Жүрөгүмдү эзбе, кыйнаба.

Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.
Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.

Көздө бакыт учкундары сен үчүн жанат,
Карек толо сүйүнүчтүн жаштары тамат.
Күтүү, үмүт, кубанычка жипсиз байлап өзүңө арбаган,
Жетелеп кетпе, максатсыз жерге, максатсыз жерге, 
Максатсыз жерге кайрадан.

Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.
Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.

Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.
Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.

Наверх