Аваз Акимов - Сагынамын

Музыка: Насип Н.
Слова: Акимов А.

Сагынычтан эт жүрөк,
Санаага батып жүрөт,
Жараланган бир сезим,
Сагынып, эңсеп жүрөт.
Кайда жүрсөм элесиң, 
Качан кайтып келесиң?
Сагындым го өзүңдү,
Жол карай беремин.

Сагынамын, сагынамын мен өзүңдү,
Унута албаймын, жаным, сени.
Сагынамын, сагынамын мен өзүңдү,
Сагынычтан чарчап көңүлүм.

Таалайыма жаздыбы?
Тагдыр бизди айрыды.
Түшүнбөдүм, не себеп?
Эми сенсиз калдымбы?
Жараткандан өзүңдү,
Суранчу элем тиленип.
Жүрөгүмдөн соолубас,
Арнадым гүл терип.

Сагынамын, сагынамын мен өзүңдү,
Унута албаймын, жаным, сени.
Сагынамын, сагынамын мен өзүңдү,
Сагынычтан чарчап көңүлүм.

Сагынамын, сагынамын мен өзүңдү,
Унута албаймын, жаным, сени.
Сагынамын, сагынамын мен өзүңдү,
Сагынычтан чарчап көңүлүм.
Cагынамын мен өзүңдү,

Наверх