Сапар Эркебаев - Атага кат

Музыка: Эркебаев С.,
Слова: Саитов А.,

Кат жазды бала атага,
Башыңды коюп катага.
Ооруңду жерден көтөрбөй,
Айына барып бир көрбөй,
Жүрөмүн жетпей батаңа.
Ооруңду жерден көтөрбөй,
Айына барып бир көрбөй,
Жүрөмүн жетпей батаңа.

Ооруба ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Караңгы жерден чалынба,
Болоюн чырак жолуңа.

Кат жазды бала,
Кат жазды бала атага.
Катыңды алдым садагам.
Сыздатып ийдиң балаңды,
Айлыңдан айтып саламды,
Заработок болдум ата батаңа.
Сыздатып ийдиң балаңды,
Айлыңдан айтып саламды,
Заработок болдум ата батаңа.

Ооруба ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Караңгы жерден чалынба,
Болоюн чырак жолуңа.

Кат жазды ата балага,
Айланып кетсем садагам.
Жашытып ийдиң атаңды,
Мойнуңа алып катаңды,
Зар болуп менин батама.
Жашытып ийдиң атаңды,
Мойнуңа алып катаңды,
Зар болуп менин батама.

Ооруба ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Караңгы жерден чалынба,
Болоюн чырак жолуңа.

Ооруба ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Атадан ыйык зат болбойт,
Энеден ыйык ат болбойт,
Кабар ал, муну унутпа!

Ооруба ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Караңгы жерден чалынба,
Болоюн чырак жолуңа.

Ооруба ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Атадан ыйык зат болбойт,
Энеден ыйык ат болбойт,
Кабар ал, муну унутпа!

Ооруба ата, ооруба.

Наверх