Ильяз Андаш - Кетпе башкага

Музыка: Андаш И.
Слова: Андаш И.

Жаным, сен жүрөк козгодуң,
Капилет мага жолугуп.
Белестеги гүл болуп мойнума,
Эркелеп сүйүп оролуп,
Назданасың жашынып.
Кадам таштап шашылып,
Мен жүрөм ашыгып.
Күн нурундай чачылып,
Күлкүң айдай ачылып, ачылып.

Арманга сен мени таштаба,
Аяп мени суранамын кетпе башкага.
Ай чырайың жагып башкага,
Антип мени азапка сен түртүп таштаба,
Сүйөмүн сени.

Жагат сен күлүп койсоңчу,
Өмүрүм дайым шаттана.
Каректериң мен сүйүп кубанып,
Бакыттан ысык жар салмак.
Назданасың жашынып,
Кадам таштап шашылып,
Мен жүрөм ашыгып.
Күн нурундай чачылып,
Күлкүң айдай ачылып, ачылып.

Арманга сен мени таштаба,
Аяп мени суранамын кетпе башкага.
Ай чырайың жагып башкага,
Антип мени азапка сен түртүп таштаба,
Сүйөмүн сени.

Арманга сен мени таштаба,
Аяп мени суранамын кетпе башкага.
Ай чырайың жагып башкага,
Антип мени азапка сен түртүп таштаба,
Сүйөмүн сени.

Наверх