Нурлан Насип - Ишенбейм сага

Музыка: Насип Н.
Слова: Насип Н.

Суудай тунук,
Сезимимди туйбадың.
Сага жанган,
Сүйүүмдү сен неге булгадың?
Батып кайгыга,
Турам азыр да.
Соолуп гүлдөй сенин жаныңда.

Эми мени кыйнаба,
Жалган айтып жагынба.
Баары бүттү, баары кеч,
Ишенбейм сага!

Сенин жалган,
Сөздөрүңө алдангам.
Жан дүйнөм,
Жараланып, сыздап, кыйналган.
Кайрылбайм артка,
Сени сагынсам да.
Болду, ишене албайм бир сага.

Эми мени кыйнаба,
Жалган айтып жагынба.
Баары бүттү, баары кеч,
Ишенбейм сага!

Эми мени кыйнаба,
Жалган айтып жагынба.
Баары бүттү, баары кеч,
Ишенбейм сага!

Эми мени кыйнаба,
Жалган айтып жагынба.
Баары бүттү, баары кеч,
Ишенбейм сага!

Наверх