Нурлан Насип - Жүрөгүм

Музыка: Насип Н.
Слова: Тайчабаров К.

Ала качып каректерди байка, байка,
Таарынгандай кыр саласың алдап, алдап.
Жүрөгүмдү оорутпачы кыйнап, кыйнап,
Бир кучак гүл кармап, ширин сөздөн тандап,
Көңүлүңдү алуу үчүн турам жандап.

Эй, таарынганың жагат мага,
Тунук сезим жашайт анда.
Эркелейсиң уяң карап,
Сен мени байка.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Жалгыз өзүң аруу тилегим.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Бакыт таап сен деп сеземин.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Билесиң го, сени сүйөмүн.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Жалгыз сенсиң корку дүйнөмдүн.

Өзүң барда канат кагам кенен кенен,
Өзгөрүлбөйм, маанай ачык сени менен.
Жолуктурдуң бакыт кушун сезим менен,
Кыялым сен элең, жанаштың мени менен.
Биротоло сүзөлүчү деңиздерден.

Эй, таарынганың жагат мага,
Тунук сезим жашайт анда.
Эркелейсиң уяң карап,
Сен мени байка.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Жалгыз өзүң аруу тилегим.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Бакыт таап сен деп сеземин.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Билесиң го, сени сүйөмүн.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Жалгыз сенсиң корку дүйнөмдүн.

Таарынганың жагат мага,
Тунук сезим жашайт анда.
Эркелейсиң уяң карап,
Сен мени байка.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Жалгыз өзүң аруу тилегим.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Бакыт таап сен деп сеземин.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Билесиң го, сени сүйөмүн.
Жүрөгүм, жүрөгүм,
Жалгыз сенсиң корку дүйнөмдүн.

Наверх