Көксөгөн кышта жүрөгүм,
Көктөмдү гана саамайт билемин.
Жайнаган кызыл гүл көрсөм, o-o-o гүл көрсөм,
Жаштыктын, жаштыктын, жаштыктын сеземин илебин.
Жан дүйнөм кошо жашарып,
Жазда бар гана кирсиз тазалык.
Жыпар жыт майдын деминен, o-o-o деминен,
Жыргабайт, жыргабайт, жыргабайт кимдери наз алып.
Сулуулук жаздан жаралып,
Сулуулук барда койгон таралып.
Алдыман кетпей тартылат, o-o-o тартылат,
Алыстап, алыстап, алыстап калган балалык.